• Жума 29 Жалган куран 2024
  • Пятница 29 Март 2024
Орозо

Германияда 63 килограмм чыныгы алтын сарпталган балаты жасалды

4 Бештин айы 2018 15:30 Бишкек Govori.TV
Бишкек. 04.11.2018. Govori.TV
Жаңы жыл майрамына жаш кары дебей даярданаары баарыбызга маалым. Жадакалса ар бир мамлекет өзгөчө жаңы жылдык балаты жасалгалоого аракет жасайт. Быйылкы жаңы жыл үчүн Германиянын Мюнхен шаарындагы даярдык өзгөчө болуп жатканын Daily Telegraph жазып чыкты.

Маалыматка ылайык, быйыл Мюехендин соода түйүндөрүнүн биринде чыныгы алтындан балаты жасалган. Балатынын жалпы бийиктиги 3 метрди түзүп ал 2018 даана салмагы 30 граммдык алтын тыйындардан жасалган. Ал эми эң үстүндөгү 2019-жылдын бермети-жылдыз 20 унцийден турган салмактагы алтындан даярдалган. Балатынын жалпы салмагы 63 килограмм чыныгы алтынды түзөт.

Количество просмотров: 19