17-август күнү кечинде Германиянын Лейпциг шаарынан алыс эмес жердеги Штермталь көлүндө Хайфилд фестивалы өтүп жаткан. Майрам учурунда, ичиндеги адамдары бар каруселдин эки кабинасы күйүп кеткен. Окуянын кадрларын Shot Telegram каналы жарыялады.

Өзгөчө кырдаалдар кызматынын маалыматы боюнча, окуянын кесепетинен 30дан ашуун адам жабыркаган. Алардын кеминде экөө оор жаракат алып, абалы оор деп бааланууда.

Учурда өрттүн келип чыгуу себептери иликтенүүдө.