• Ишенби 4 Бугу 2024
  • Суббота 4 Май 2024

Германиядан депортацияланган тажик оппозиционеринин уулу 7 жылга соттолду

31 Жалган куран 2023 9:25 Бишкек Govori.TV

Эл аралык Human Rights Watch (HRW) укук коргоо уюму Германиядан депортацияланган Абдулло Шамсиддин 7 жылга эркинен ажыратылганын билдирди. Ал оппозиционер Шамсиддин Саидовдун уулу.

Тажикстан бийлиги Абдулло Шамсиддиндин соту тууралуу маалымат берген жок. Бирок HRW оппозициячынын уулу “Тажикстандын конституциялык түзүмүн күч менен өзгөртүүгө чакырык жасоого” айыпталганын белгилейт.

Мурдараак тажик оппозициясы менен кызматташкан басылмалар Абдулло Шамсиддин 7 жылга соттолгонун кабарлашкан. Azda TV каналы сот өкүмү 28-мартта чыкканын билдирген. Сот учурунда ал кайсы бир постко “лайк” басканын жана нааразылык акциясына катышканын мойнуна алган.

Европа өлкөлөрүнүн биринде жашаган Абдуллонун атасы Шамсиддин Саидов уулу соттолгону тууралуу маалыматты тастыктады.

“Рахмондун режими атамды өлтүрүп, мени 15 жылга соттоп, эми уулум Абдулланы 7 жылга эркинен ажыратты”, — деди ал.

Германияда 2009-жылдан бери жашап келген 32 жаштагы Абдулло Шамсиддин мекенине 18-январда депортацияланган. Буга Германиянын миграциялык кызматына өз учурунда каттоого турбаганы себеп болгон.

Теги:
Количество просмотров: 61