Кыргызстанда мамлекеттик гимндин жаңы варианты коомдук талкууга коюлбайт. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин Социалдык саясат боюнча комитетинин 28-апрелдеги жыйынында белгилүү болду.
Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министри Мирбек Мамбеталиев депутат Аида Исатбек кызынын суроосуна жооп берип жатып, мекеме аралык комиссия гимндин жаңы текстине 4-5 вариантты тандап алып жалпыга маалымдоо каражаттарына жарыялап, Жогорку Кеңешке сунуштай турганын айтты. Андан кийин музыкасына сынак жарыяланат.
Аида Исатбек кызы гимндин жаңы варианты коомдук талкууга коюлушу керектигин айтты.
47 адамдан турган мекеме аралык комиссия буга чейин сунушталган долбоорлорду угуп чыгып, мазмундук жана көркөм талаптарга толук жооп берген чыгарма табылган жок деген бүтүмгө келген. Ушундан улам гимндин текстинин жана музыкасынын жаңы вариантына кайрадан сынак жарыяланган.
Сынактын жеңүүчүсүнө 1 млн 500 миң сом берилет. Экинчи орунга 1 млн, үчүнчү орунга 500 миң жана төртүнчү, бешинчи орундарга 250 миң сомдон каражат тапшырылары айтылган.