• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Гиннеске бешбармакты киргизүүгө салым кошкондор сыйланды

5 Аяк оона 201918:17 Бишкек Govori.TV

Бишкекте өткөн жылдын 11-мартында жасалган 1 миң 450 тонна бешбармакты Гиннестин рекорддор китебине киргизилишине салым кошкондор «Ыраазычылык баракча» менен сыйланды. Бул тууралуу сыйлык алгандардын бири Дана Абдыбекова фейсбуктагы өздүк баракчасына жазды.

Маалым болгондой, «Ыраазычылык баракчаны» жарандык активист Жамалбек Ырсалиев, журналист Элнура Кулуева жана продюсер Дана Абдыбековага президенттик аппараттын жетекчиси Досалы Эсеналиев тапшырган.

Количество просмотров: 74