Борбордогу А.Токомбаев көчөсүндөгү соода түйүндө иштеген жаран бычактан жаракат алып оорукана түштү. Бул туурасында Бишкек шаардык ИИМдин басма сөз катчысы Адыл Оморов Govori.TV сайтына билдирди.
«Окуя 25-апрелде болжол менен саат 23:900дө болгон. Анда соода борбордо иштеген 1998 жылкы Б.Т. менен 1998-жылкы К.Унун ортосунда түшүнбөстүк болуп, мушташып кетишкен. Уруштан У.К. жанындагы бычагы менен К.Уну ич жагына сайып салган. Ал алган жаратынан улам Бишкек шаарынын хирургиялык улуттук госпиталына жеткирилген» -дейт Оморов.
Бул боюнча Октябарь РИИБ КЖКнин 234-беренесинин 3-бөлүмүнүн 2-пункту менен кылмыш иши козголуп шектүү катары КРнын ЖПКнин 94 беренесинин негизинде Бишкек шаарынын ИИББнын УКЖ кармалды.