• Шаршемби 1 Бугу 2024
  • Среда 1 Май 2024

Govori.TVда кыйын айымдарды бириктирген тренинг башталды

18 Чын куран 2024 13:26 Бишкек Govori.TV

18-19-20-апрель күндөрү “GOVORI.TV” мультимедиалык маалыматтык агенттиги медиа айдыңындагы “Кыйын” телевизиондук ток-шоусунун алкагында 11-окутуу иш-чарасын өткөрүп жатат. Ага Ош, Жалал-Абад, Чүй, Талас, Бишкек, Баткен, Нарын, Ысык-Көл облустарынан келген 17 айым катышууда.

7 дубандан келген айымдардын ичинде мамлекеттик кызматкерлер, жергиликтүү кеңештин депутаттары, мугалим, жарандык активисттер жана жеке ишкерлер бар. Бул окутуучу иш-чаранын башкы максаты Кыргызстанда аялдардын саясий-лидерлик сапаттарын калыптандыруу болуп саналат.

Тренингде маалыматты жайылтуу үчүн социалдык тармакты колдонуу, кибер коркунучтарга каршы санариптик коопсуздук, оратордук чеберчилик, журналисттер менен өз ара иштешүүнүн өзгөчөлүктөрү жѳнүндѳ маалымат берилет.

Бул жолу тренингди “GOVORI.TV” мультимедиалык маалыматтык агенттигинин негиздөөчүсү Кайыргүл Орозбай кызы, эркин журналист, медиа эксперт Махинур Ниязова, гендердик маселелер боюнча эксперт Римма Султанова, Жусуп Баласагын атындагы КУУнун Журналистика жана коммуникация институтунун директору, социология илимдеринин кандидаты Ширин Костюк, юрист Таттуубүбү Эргешбаева, «Exclusive.kg» интернет басылмасынын башкы редактору Семетей Аманбеков, IT адис Чолпон Шабдыраева, тренер жана модератор Замира Кожобаева, Media Карьера» ораторлук чеберчилик мектебинин негиздөөчүсү Айнура Кабатай кызы өткөрүүдө.

Иш-чаранын аягында бардык катышуучуларга сертификаттар тапшырылат.

Окутуу Европа Биримдигинин “Демократияны колдоо фонду” жана “Кыйын” аталышындагы телевизиондук ток-шоусунун алкагында “GOVORI.TV” мультимедиалык маалыматтык агенттиги тарабынан уюштурулуп жатат.

Количество просмотров: 424