• Ишенби 27 Чын куран 2024
  • Суббота 27 Апрель 2024

Govori.TVда региондогу айымдарга дем берген 3 күндүк окутуу-тренинг башталды

25 Үчтүн айы 2024 10:03 Бишкек Govori.TV

25-26-27-январь күндөрү “GOVORI.TV” мультимедиалык маалыматтык агенттиги медиа айдыңындагы “Кыйын” телевизиондук ток-шоусунун алкагында 10-окутуу иш-чарасын өткөрүп жатат. Ага Ош, Жалал-Абад, Чүй, Талас, Бишкек, Баткен, Нарын, Ысык-Көл облустарынан келген жалпы 17 айым катышууда.

7 дубандан келген айымдардын ичинде мамлекеттик кызматкерлер, жергиликтүү кеңештин депутаттары, мугалим, жарандык активисттер жана жеке ишкерлер бар. Бул окутуучу иш-чаранын башкы максаты Кыргызстанда аялдардын саясий-лидерлик сапаттарын калыптандыруу болуп саналат.

Тренингде маалыматты жайылтуу үчүн социалдык тармакты колдонуу, кибер коркунучтарга каршы санариптик коопсуздук, оратордук чеберчилик, журналисттер менен өз ара иштешүүнүн өзгөчөлүктөрү жѳнүндѳ маалымат берилет.

Бул жолу тренингди “GOVORI.TV” мультимедиалык маалыматтык агенттигинин негиздөөчүсү Кайыргүл Орозбай кызы, 24.kg агенттигинин башкы редакторунун орун басары Махинур Ниязова, гендердик маселелер боюнча эксперт Римма Султанова, Жусуп Баласагын атындагы КУУнун Журналистика жана коммуникация институтунун директору, социология илимдеринин кандидаты Ширин Костюк, SMM адис Зара Садыгалиевалар өткөрүүдө.

Иш-чаранын аягында бардык катышуучуларга сертификаттар тапшырылат.

Окутуу Европа Биримдигинин “Демократияны колдоо фонду” жана “Кыйын” аталышындагы телевизиондук ток-шоусунун алкагында “GOVORI.TV” мультимедиялык маалыматтык агенттиги тарабынан уюштурулуп жатат.

Количество просмотров: 146