КР грек-рим күрөшү боюнча федерациясынын вице-президенти Ахрор Иминов уюшкан кылмыштуу топту каржылаганы үчүн кармалды. Бул тууралуу УКМК тараткан маалыматта айтылат.
Маалыматка ылайык, УКМК тарабынан Кылмыш-жаза кодексинин 261-беренесинин 2-бөлүгүндө (Уюшкан топ түзүү же ага катышуу) каралган козголгон кылмыш ишинин алкагында ыкчам-иликтөө иш-чараларын жүргүзүүдө КР кодекси, К.Асанбектин уюшкан кылмыштуу тобунун айрым мүчөлөрүн каржылаганы үчүн грек-рим күрөшү боюнча федерациясынын вице-президенти «И.А.Х.» кармалган.
«Такталгандай «И.А.Х.» жүктөрдү ташуу жана логистика боюнча бир катар компаниялардын ишмердүүлүгүнө катышкан, ошондой эле алардын кирешесинен Уюшкан кылмыштуу топтун жалпы фондуна салык деп аталган (жалпы пайданын болжол менен 30%) чогултууга катышкан. Тиешелүү иш-чаралардын жыйынтыгы менен Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди», — деп жазылат малыматта.
Учурда тергөө иштери жүрүп жатат.