• Шейшемби 30 Чын куран 2024
  • Вторник 30 Апрель 2024

Ахрор Иминов эки айга камалды

13 Тогуздун айы 2023 10:37 Бишкек Govori.TV

Кыргызстандын Күрөш федерациясынын вице-президенти Ахрор Иминов эки айга УКМКнын СИЗОсуна камалды. Бул тууралуу Биринчи Май райондук сотунан билдиришти.

Соттун чечимине ылайык, Камчы Көлбаевдин уюшкан кылмыштуу тобунун мүчөлөрүн каржылаган деген шек менен кармалган Ахрор Иминов 4-декабрга чейин камакта болот.

Эскерте кетсек, камакка алуу КР Кылмыш-жаза кодексинин 261-беренеси “Уюшкан топ түзүү же ага катышуу” боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында жүргүзүлгөн.

Количество просмотров: 154