• Шейшемби 21 Бугу 2024
  • Вторник 21 Май 2024

Күрөш федерациясынын вице-президенти камактан чыкты

23 Жетинин айы 2023 11:28 Бишкек Govori.TV

Кыргызстандын Күрөш федерациясынын вице-президенти Ахрор Иминов СИЗОдон бошотулду. Бул тууралуу Бишкектин Биринчи Май райондук сотунан билдиришти.

Соттун чечими менен Ахрор Иминов камакка алуу турүндөгү баш коргоо чарасы өзгөртүлүп, сыртка чыкпоо тил каты менен абактан бошотулду.

Эске сала кетсек, Иминов КР Кылмыш-жаза кодексинин 261-беренеси “Уюшкан топ түзүү же ага катышуу” боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында кармалган.

Количество просмотров: 163