• Жекшемби 28 Чын куран 2024
  • Воскресенье 28 Апрель 2024

Ахрор Иминов кайра камакка алынды

9 Үчтүн айы 2024 14:46 Бишкек Govori.TV

Кыргызстандын Күрөш федерациясынын вице-президенти Ахрор Иминов кайрадан Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин СИЗОсуна киргизилди. Бул тууралуу маалыматты Биринчи Май райондук сотунан тастыкташты.

Маалыматка ылайык, анын эч жакка чыкпоо тууралуу бөгөт чарасын өзгөртүп 4-февралга чейин камакка алуу өтүнүчүн Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) тергөөчүсү берип, сот аны канааттандырган.

Эске салсак, Ахрор Иминов УКМК тарабынан кримтөбөл Камчы Көлбаевдин кылмыштуу тобунун айрым мүчөлөрүн каржылап келген деген шек менен кармаган. Ага Кылмыш-жаза кодексинин “Уюшкан топту түзүү же ага катышуу” беренеси менен айып тагылган.

Количество просмотров: 104