• Жума 19 Чын куран 2024
  • Пятница 19 Апрель 2024

Грузияда телеканалдар бийликтин отставкасын талап кылышты

15 Теке 2021 10:07 Бишкек Govori.TV

Грузияда менчик төрт телеканал премьер-министр Ираклий Гарибашвилинин кызматтан кетишин талап кылып берүүлөрүн 24 саатка токтотуп койду.

Алардын мындай чечимине ЛГБТ коомчулугуна каршы чыккандардын журналисттерге кол салышы түрткү болду. 5-июлда гомофобдордун ур-токмогуна калган телеоператор Лексо Лашкарава көз жумган. Оппозиция жана медиа коомчулук бийлик бул окуяны болтурбоо үчүн алдын ала эч кандай чара көрбөгөнүн айтышууда.

Маалымат каражаттарынын кызматкерлери ошондой эле күнөөлүүлөрдүн жазаланышын талап кылып жатышат.

Берүүлөрүн токтотуп койгондордун арасында «Мтавари», 2ТВ Пирвели», «Формула» жана «Кавкасия» телеканалдары бар. 13-июлда телеоператор Лексо Лашкараваны акыркы сапарга узатуу зыйнаты маалында аймактык телеканалдар өз берүүлөрүн он мүнөткө токтотушкан.

Жыйырмага чукул мамлекеттердин дипломатиялык миссиялары зомбулукту айыптап, Грузия бийлигин адам укуктарын коргоого чакырды.

Количество просмотров: 135