13-июлда оппозициялык “Пирвели” телеканалынын оператору Лексо Лашкараванын сөөгү жерге берилди. Ал 5-июлда ЛГБТ жүрүшүнө каршылардын ур-токмогуна кабылгандан кийин каза болгон.
Лашкараваны акыркы сапарга узатуу зыйнатына жүздөгөн журналист, оппозициялык партиялардын өкүлдөрү жана искусство ишмерлери катышты. Тажияга бийлик өкүлдөрүнөн эч ким келген жок.
Күн мурун Грузиянын Ички иштер министрлиги телеоператор маңзат көп колдонгондуктан улам көз жумганын билдирген. Бирок Лашкараванын жакындары менен кесиптештери бул маалыматты четке кагышкан.
Грузияда Лашкараванын өлүмүнө байланыштуу эки күндөн бери журналисттердин жана оппозициялык партиялардын өкүлдөрүнүн катышуусунда нааразылык акциялар өтүүдө. Алар оператордун өлүмү үчүн бийликти күнөөлөп, 5-июлдагы окуяларга жол бергени үчүн премьер-министр Ираклий Гарибашвилинин өкмөтүнүн отставкасын талап кылып жатышат.Грузияда ур-токмоктон өлгөн оператордун сөөгү жерге берилди