• Шаршемби 24 Кулжа 2026
  • Среда 24 Июнь 2026

Гульбарчын Мамытова: ““Кыйынды” ар бир аймакка барып өткөрүү керек”

16 Чын куран 202516:19 Бишкек Govori.TV

11-12-13-апрель күндөрү “GOVORI.TV” агенттиги медиа айдыңындагы “Кыйын” долбоорунун алкагында Кыргызстандагы айымдардын лидерлик дараметин калыптандыруу максатында он үчүнчү тренингин өткөрдү. Ош шаарында өткөн бул тренингге өлкөбүздүн түштүк аймагынан жергиликтүү кеңештин депутаттары, мугалим, жарандык активист, жеке ишкер жана мамлекеттик кызматкерлер келди.

Алардын бири Алай районун мектеп директору, Тилектеш айылдык кеңешинин депутаты Гульбарчын Мамытова ““Кыйын” тренингин ар бир аймакка барып өткөрүү керек деген сунушун айтты.

«Айымдардын коомдогу, саясаттагы орду өтө бир актуалдуу маселе. Ал жерде эне үйдөгү берекени, кутту кармап тургандай эле, өлкөдө да ушундай нерсени кармаганга мүмкүнчүлүгү бар деген ишеним бар. Жасалып жаткан иштерде аялдардын өтө чоң таасири бар. Аймактардагы айымдарга колдоо жетпей калып жаткандай. Мындан улам ойлоп жатам, Кыйынды ар бир аймакка барып өткөрүү керек деп. Бул долбоор аркылуу аларды өстүрүү мүмкүнчүлүгү бар экен», — деди ал.

Количество просмотров: 215