• Шаршемби 24 Кулжа 2026
  • Среда 24 Июнь 2026

Гульгакы Аттокурова: ““Кыйында” алган тажрыйбамды айылдагы айымдарга бөлүшөм”

17 Чын куран 202510:19 Бишкек Govori.TV

11-12-13-апрель күндөрү “GOVORI.TV” агенттиги медиа айдыңындагы “Кыйын” долбоорунун алкагында Кыргызстандагы айымдардын лидерлик дараметин калыптандыруу максатында он үчүнчү тренингин өткөрдү. Ош шаарында өткөн бул тренингге өлкөбүздүн түштүк аймагынан жергиликтүү кеңештин депутаттары, мугалим, жарандык активист, жеке ишкер жана мамлекеттик кызматкерлер келди.

Алардын бири Куршаб айылынан келген жеке ишкер Гульгакы Аттокурова “Кыйын” тренингинде алган тажрыйбасы жана билими менен айылдагы айымдарга бөлүшө тураганын айтты.

«Бул тренингге катышканыма абдан кубанычтамын. Себеби бул чөйрө мени чоң өзгөрүүлөргө алып келди. Бул жерден сонун аялдар менен сүйлөшө алдым, сонун тренерлерди көрдүм. Өзүм үйрөнгөн нерселерди айылдагы айымдар менен бөлүшкүм келет», — деди ал.

Количество просмотров: 156