• Ишенби 4 Бугу 2024
  • Суббота 4 Май 2024

Хабаровск шаарында полициядан ок жеген кыргыз жаранынын абалы оор

28 Баш оона 2023 9:44 Бишкек Govori.TV

Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги Орусиянын Хабаровск шаарында полициянын огунан оор жараат алган кыргызстандык жаран тууралуу маалымат берди.

Ага ылайык, 24-августта кечинде шаардагы автовокзалда полициянын рейди учурунда 2003-жылы туулган Кыргызстандын жараны машинасы менен качууга аракет кылган жана укук коргоо органынын кызматкерин сүзүп алган.

«С.Р. аттуу кыргызстандык жарандын мыйзамсыз иш-аракетин токтотуу үчүн ага курал колдонулган. Натыйжада ал жаранга ок тийген жана кармалган. Учурда С.Р. оор абалда ооруканада жатат. Бул окуяга байланыштуу Орусиянын Тергөө комитети Кылмыш-жаза кодексинин 317-беренеси (укук коргоо органдарынын кызматкеринин өмүрүнө коркунуч жаратуу) менен кылмыш ишин козгоду. Аны камакка алууга байланыштуу бөгөт чарасын тандоо маселеси чечилип жатат. Элчилик жана Кыргызстандын Хабаровск шаарындагы ардактуу консулу керектүү консулдук-укуктук жардам берүү үчүн анын туугандары менен байланышты», — деп жазылган маалыматта.

Количество просмотров: 62