• Жекшемби 21 Теке 2024
  • Воскресенье 21 Июль 2024

Жыл башынан бери Хабаровск крайынан 500дөй мигрант депортацияланды

5 Теке 2024 10:01 Бишкек Govori.TV

Жыл башынан бери Хабаровск аймагынын сот аткаруучулары Орусияда мыйзамсыз жүргөн 512 мигрантты мажбурлоо менен өлкөдөн чыгарышты.

«Депортациядан кийин административдик укук бузуулар үчүн күнөөлүү деп табылган бардык адамдарга Орусиянын аймагына кирүүгө беш жылга тыюу салынды», — деп жазат орусиялык басылмалар.

Орусиянын шаарларында жана облустарында мигранттарга каршы рейддер дагы деле уланууда.

2-июлда Омск облусунун укук коргоо органдары да «Нелегал-2024» операциясынын биринчи баскычынын жыйынтыгын жарыялашты. Маалыматка караганда, укук коргоо кызматкерлери 300гө жакын миграциялык мыйзам бузууларды аныкташкан. Соттор чет элдиктерди Орусиянын аймагынан чыгаруу боюнча 18 чечим чыгарган. Үч чет элдик жаран депортацияланып, 36сына өлкөгө кирүүгө тыюу салынган.

Количество просмотров: 115