• Жума 29 Жалган куран 2024
  • Пятница 29 Март 2024
Орозо

Хабиб Нурмагамедов эмне үчүн октагондон секирип кеткенин түшүндүрүп берди

7 Тогуздун айы 2018 15:02 Бишкек Govori.TV

Бишкек.07.10.2018. Govori.TV

Хабиб Нурмагамедов жеңиш курун көтөрүп келип, күткөн элге абалды түшүндүрүп берди. Ал октагондон секиргени өтө катуу талкууланып жатканын айтып кейиди. Бирок, балбан жеңиши менен өзү эле эмес, бүт Россия сыймыктанаарын кошумчалады. Беттештен кийин Нурмагамедовду жеңиши менен  РФнын президенти телефон аркылуу куттуктап, сыймыктанаарын кошумчалаган. Ал бул маалыматты маек куруп жатып билдирди. Октагондон секирип катуу агрецияга алдырганын ал, динине жана атасына асылгандарга чара көрүү максатында кылганын түшүндүрдү. Бирок, кандай кылган күндө да анын бул кылганы аброй алып келбесин талкуулап жатышат.
«Мен өзүмдү үлгүлүү көрсөтпөгөнүмө өкүнөм. Бирок диниңе, ата-энеңе, жеке беделиңе шек келтирген адамдарды эмне кылуу керек? Ушундай уятсыз адамдар бар экенине түшүнө албайм. Мени атам «Эч кимдин беделине шек келтирбе!» — деп тарбиялаган. Ал (Конор) аз жерден автобустагы жаңжалында киши өлтүрүп кое жаздабады беле?.. Эмнеге анын кылыгынан да меники мынча талкууланып жатат? Бүгүн ал утулду, кур менде. Бардыгыңыздардан кечирим сурайм. Бул кылыгым үчүн үйгө барып атаман да тил уксам керек», — деди Нурмагомедов  маек учурунда.

Эскерте кетсек, мелдештен кийин ызы-чуу жаралып, Нурмагамедов тордон ары секирген эле. Бул көрүнүштү көпчүлүк катуу талкуулап жатышкан болчу.

Количество просмотров: 46