• Ишенби 27 Чын куран 2024
  • Суббота 27 Апрель 2024

Хабиб Нурмагомедов менен Конор Макгрегор салмакка түшүштү

6 Тогуздун айы 2018 18:02 Бишкек Govori.TV
Бишкек.06.10.2018. Govori.TV
  1. UFC 229 турниринин алдында Лас-Вегаста Хабиб Нурмагомедов менен Конор Макгрегор салмакка түшүштү. Алар бири-бирине карап муштум түйгөн кезде ирландиялык мушкер Хабибди чаап-тээп ийүүгө аракет жасады. Бул тууралуу Р-Спорт жазды.
    Эки мушкер ишемби күнү беттешет. Россиялык Нурмагомедов жеңил салмактагы чемпиондук титулун коргойт.
Буга чейин Нурмагомедов турнирден кийин Конордун колун кыспай турганын билдирген. Ирландиялык мушкер дагы каршылашы менен «тынчтык келишимин» түзбөй турганын жар салган.
Макгрегор өз учурунда Нурмагомедовду «талкалайм» деп айтканы бар.
Нурмагомедов 26 беттеш өткөрүп, анын баарын тең жеңген. Ал эми Макгрегор 21 беттеш өткөрүп, анын үчөөндө утулуп калган.
Количество просмотров: 22