• Жекшемби 26 Теке 2026
  • Воскресенье 26 Июль 2026

Хабиб Нурмагомедов өткөргөн турнирде Бусурманкул Абдибаит уулу чемпион болду

4 Баш оона 202112:22 Бишкек Govori.TV

Кыргызстандык мушкер Бусурманкул Абдибаит уулу «Eagle FC» мушташ уюмунун чемпиону болду.

Чолпон-Ата шаарында өткөн «EFC 38» турниринде Бусурманкул Абдибаит уулу россиялык Руслан Яманбаев менен беттешип, кыргызстандык мушкер 2-раундда жеңишке жетип, чемпиондук курду тагынды.

Белгилей кетсек, мурунку чемпион Хабиб Нурмагомедов Ысык-Көлгө Eagle Fighting Championship (EFC) боюнча аралаш мушташ боюнча мелдешти өткөрүү үчүн келген. Беттеш 3-августта Чолпон-Атадагы ипподромдо өттү.

Количество просмотров: 320