• Бейшемби 25 Чын куран 2024
  • Четверг 25 Апрель 2024

Хабиб туулган жерине келип, жердештерин тынчыта албай убара болду (видео)

9 Тогуздун айы 2018 15:07 Бишкек Govori.TV
Бишкек.09.10.2018.Govori.TV
UFC 229 турниринде чемпиондук курду алган  Хабиб Нурмагомедов туулган жери Дагестанга келип, күйөрмандары менен жолушту. Бирок, жолугушуу учурунда жердештери сүйлөгөнгө мүмкүнчүлүк бербей, ызы-чуу жаратышып, тартып жаткан операторлорго  да ыңгайсыздык жаратты.
Бул учурда Хабиб, алардын тынч болуусун суранды.  Бирок, Махакачкалык жердештери тынчтыкты сакташкан жок. Ошол маалда  мушкердин жанындагылардын бири Хабиб Кыргызстанга  барганда Бишкектен 20миңдей  адам тосуп алгандыгын бирок, мындай тартипсиздик болгон эмес, алар  бизди татыктуу тосуп алышкан деп нааразы болду.

 

Хабибди Кыргызстандыктар кантип тосуп алышкан. Бул шилтемеден көрүңүз.

Эске салсак, Россиялык Хабиб Нурмагомедов ирландиялык мушкер Конор Макгрегорду 7-октябрда Лас-Вегаста өткөн UFC 229 турниринин негизги беттешинде муунтуу ыкмасы менен утуп алган.
Количество просмотров: 41