Кыргызстандын эмгек сиңирген балет бийчиси Досмат Садыркулов Лейлек Хатикону багып алды. Бул тууралуу Садыркулов Facebook баракчасына жазган.
“Кыргыз Хатикосу эми менин итим! Анын атын Баатыр деп койдум!» — деп жазган ал.
Эске салсак, Баткен облусунун Лейлек районундагы Максат айылынына тажик аскерлери басып киргенден кийин талкаланган үйлөрүнүн биринде ээсин күтүп жаткан ит табылган. Итти тапкан журналисттер аны Лейлек Хатикосу деп атап коюшкан.