• Жекшемби 28 Чын куран 2024
  • Воскресенье 28 Апрель 2024

Хор кароо-сынагын кимдер жеңди?

24 Бугу 2023 21:50 Бишкек Govori.TV

Бүгүн, 24-майда Кыргыз ССРнин эл артисти, биринчи хормейстер С. Юсуповдун 105 жылдыгына карата Студенттик хор жамааттары арасында II Республикалык кароо-сынак фестивалынын жыйынтыкталып, сыйлык тапшыруу аземи өттү.

Сыйлыктарды Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Эдиль Байсалов, Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Алтынбек Максутов жана калыстар тобунун мөчөлөрү тапшырды.

1-орун

  • Б.Бейшеналиева атындагы Кыргыз мамлекеттик маданият жана искусство университетинин Музыка факультетинин хор-оркестр дирижерлугу жана музыка кафедраcынын студенттик хору (хордун жетекчиси Алымбаева Айша Кыштобаевна)
  • М. Күрөңкеев атындагы Кыргыз мамлекеттик музыкалык окуу жайынын Аралаш хор коллективи (хордун жетекчиси, хормейстери Олеся Кукес)
  • Ош мамлекеттик университетинин искусство факультетинин элдик музыкаларды аткаруу жана ырдоо кафедрасынын студенттик хору (хордун жетекчиси, хормейстери Мойдунов Жеңиш Төлөнович)

2-орун

  • К.Молдобасанов атындагы Кыргыз Улуттук Консерваториясынын студенттеринин аралаш хору (хордун жетекчиси Токторбаев Темирлан Кубанычбекович);
  • И. Арабаев атындагы Кыргыз Мамлекеттик унивеситетинин академиялык студенттик хору (хордун жетекчиси Өмүрзаков Абдурашит);
  • К.Молдобасанов атындагы Кыргыз Улуттук Консерваториясынын «Элдик ырдоо» бөлүмүнүн студенттеринен түзүлгөн элдик хору (хордун жетекчиси Койчуманов Жолдошбек Аманбаевич);
  • М.Куренкеев атындагы Кыргыз мамлекеттик музыкалык окуу жайынын студенттик кыздар хору (хордун жетекчиси Анкешева Сабина Уразбаевна).

3-орун

  • А.Мырсабеков атындагы Ош мамлекеттик педагогикалык университетинин музыкалык-педагогикалык факультетинин музыкалык билим берүү жана аны окутуунун усулу кафедрасынын студенттик хору (хордун жетекчиси Сагынбаев Баяман Калыгулович);
  • Ош мамлекеттик университетинин студенттик хору (хордун жетекчиси Сагымбаева Канышайым);
  • Каракол шаарындагы Ы.Туманов атындагы мамлекеттик музыкалык окуу жайынын студенттик хору (хордун жетекчиси Чомоева Толкун Дыйканбаевна);
  • Н.Давлесов атындагы Республикалык маданият жана искусство колледжинин студенттик хору (хордун жетекчиси Абдылдаева Марсиана Асыпбековна);
  • Т.Эрматов атындагы Бишкек музыкалык педагогикалык колледжинин студенттик хору (хордун жетекчиси Геннадиий Григорьевич Рагозин).
    Мындан сырткары төмөнкүдөй кызыктыруучу сыйлыктар тапшырылды.
  1. “Мыкты хормейстер”
  • Алымбаева Айша Кыштобаевна;
  • Сагынбаев Баяман Калыгулович;
  • Сагымбаева Канышайым;
  • Анкешева Сабина Уразбаевна.
  1. “Мыкты концертмейстер”
  • Жумабаева Максаткан Кожоевна;
  • Дмитрищенко Людмила Владимировна;
  • Васильева Виктория Геннадьевна.
  1. “Биринчи жолу мыкты аткарылган жаңы чыгарма” —
  • Ош мамлекеттик университетинин искусство факультетинин элдик музыкаларды аткаруу жана ырдоо кафедрасынын студенттик хору
    сөзү: Жеңижокдуку, музыкасы: Соорбек Кынатовдуку “Дүнүйө” (хордун жетекчиси, хормейстери Мойдунов Жеңиш Төлөнович);
  • К.Молдобасанов атындагы Кыргыз Улуттук Консерваториясынын «Элдик ырдоо» бөлүмүнүн студенттеринен түзүлгөн элдик хору-Кыргыз эл ыры иштеп чыккан Мусаев Бактыбек Имашевич «Оп майда» (хордун жетекчиси Койчуманов Жолдошбек Аманбаевич).
Теги:
Количество просмотров: 127