• Шаршемби 22 Теке 2026
  • Среда 22 Июль 2026

HRW: Астана бийликти сындагандарды «экстремизмге» айыптоону токтотушу керек

9 Бирдин айы 20249:18 Бишкек Govori.TV

Human Rights Watch (HRW) эл аралык укук коргоо уюму өкмөттү сындагандарды куугунтуктоо үчүн «өтө эле кеңири маанидеги жана ачык эмес» айыптоолорду колдонуп жатканы үчүн казак бийлигин кезектеги жолу айыптады.

Башкы кеңсеси Нью-Йорк шаарында жайгашкан уюмдун билдирүүсүндө Астана Казакстандын мыйзамдарындагы «экстремизм» түшүнүгүнүн аныктамасын тактап, бийликти сындагандарды куугунтуктоо үчүн экстремизмге каршы мыйзамдарды колдонууну токтотушу керектиги белгиленген.

«Бийликти сындагандарды көз карашын ачык билдиргени же зордук-зомбулуксуз аракеттери үчүн экстремизмге айыптап куугунтуктоо – адам укуктары боюнча эл аралык нормаларды бузуу болуп эсептелет», – деп жазылган уюмдун билдирүүсүндө.

HRW мындан тышкары камактагы журналист жана активист Думан Мухамметкаримге «экстремизм» боюнча негизсиз айып тагылып жатканын белгилеп, казак бийлигин аны токтоосуз бошотууга чакырды.

Ne Deydi YouTube-каналынын автору Думан Мухамметкарим «тыюу салынган уюмдун ишине аралашууга» жана «экстремизмди каржылоого» айыпталууда. Буга анын бозгундагы банкир Мухтар Аблязовдон алган маеги себеп болгон. Мухамметкаримдин күнөөлөрү далилденсе ал тогуз жылга чейин эркинен ажыратылышы мүмкүн. Журналист 2023-жылдын май айынан бери камакта отурат.

«Казакстандын бийлиги аларды сындап, тынч чогулуу укугун жүзөгө ашыргысы келген көз карандысыз журналисттин үнүн басууга аракеттенүүдө. Бийлик Кылмыш кодексиндеги «экстремизм» түшүнүгүн өкмөттү сындагандарга каршы колдонууну токтотушу керек»,- деди уюмдун Борбор Азия боюнча улук изилдөөчүсү Мира Ритман.

Мухамметкарим 2023-жылдын жазында көз карандысыз талапкер катары парламенттик шайлоого катышуу ниетин билдирген. Бирок талапкер катары каттала алган эмес.

Анын иши боюнча алгачкы сот жараяны 12-февралга белгиленген.

Количество просмотров: 79