Бишкекте скутер менен жеңил унаа кагышкан жол кырсыгы катталды. Кырсык Токтогул көчөсү менен Эркиндик бульварынын кесилишинде болгон.
Лексустун айдоочусу светофор жашыл күйгөндө өтүп баратып, тыюу салынган белгиден өтүүгө аракет кылган скутерди сүзүп алган. Скутердин айдоочусу жаракат алып, ооруканага жеткирилген.
Кырсык видео байкоого түшүп калган.

Алдын ала маалымат боюнча, кагылышуудан кийин дароо «Лексустун» айдоочусу токтоп, тез жардам жана милиция кызматкерлерин чакырган.