• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Human Rights Watch эл аралык уюму саясатчылар менен ЖМКга болгон куугунтуктар боюнча билдирди

11 Бештин айы 202412:26 Бишкек Govori.TV

Кечээ 10-декабрда Адам укуктарынын бүткүл дүйнөлүк күнү белгиленди.

Human Rights Watch эл аралык уюму Кыргызстан боюнча билдирүү жасап, анда саясатчыларга жана ЖМКга куугунтук болуп жатканын эске салган. Уюмдун билдирүүсүн Kaktus.media сайты жарыя кылды.

HRW Темирлан Султанбековдун кармалышын көрсөтүп, Кыргызстанда Адам укуктарын майрамдоого себеп жок экендигин белгилеген. Андан ары Президент Садыр Жапаровдун администрациясы башкача ойлонгондорду системалуу түрдө кысымга алып жаткандыгын кошумчалаган.

Буга чейин «Бүтүн Кыргызстан» партиясынын лидери Адахан Мадумаров парламенттеги ордун жоготуп, муну менен бийлик оппозициялык партияларды жок кылуу аракетин жасап жатканын билдирген.

Мындан тышкары, ЖМК менен жарандык коомчулукка карата жасалып жаткан болуп көрбөгөндөй чабуулдар Kloop Mediaны жок кылуу жана Temirov Liveдын журналисттерин кылмыш жоопкерчилигине тартуу менен жасалып HRW эске салган.

Аталган уюм билдирүүсүнүн аягында Кыргызстан Адам укуктары боюнча бүткүл дүйнөлүк күндү белгилеп жаткан соң, өкмөт өз багытын өзгөртүп, адамдын негизги укуктары менен эркиндиктерин колдой турган шансты пайдаланышы керек. Ошондо гана бул күндү чындап майрамдаса болот, — деп айтылган билдирүүдө.

Количество просмотров: 91