УКМК И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинде кызматтык жасалмачылык фактыларын аныктады.
Малыматка ылайык, УКМК тарабынан жогорку билим берүү тутумундагы коррупцияны жоюу боюнча жүргүзүлүп жаткан иш-чаралардын алкагында И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинде (КМУ) чет өлкөлүк студенттердин билим алуусуна байланыштуу мыйзам бузуулар тууралуу маалыматтар келип түшкөн.
«Тактап айтканда, окуу жайына расмий түрдө кабыл алынган бир катар чет өлкөлүк студенттер иш жүзүндө өлкөдө жок экендиги жана Кыргыз Республикасынын чегинен тышкары болуп, окуу процессине катышпаганы аныкталган. Бул факты боюнча КР Кылмыш-жаза кодексинин 346-беренесинин 1-бөлүгүндө («Кызматтык жасалмачылык») каралган кылмыш белгилери боюнча кылмыш иши козголду. Ыкчам-иликтөө иш-чараларынын алкагында комиссиялык текшерүү жүргүзүлүп, анда көрсөтүлгөн мыйзам бузуулар тастыкталган. Текшерүүнүн жыйынтыгында чет өлкөлүк 59 студентти окуудан чыгаруу чечими кабыл алынды, алардын катарынада Өзбекстан Республикасынын 30 жараны, Казакстандын 20 жараны жана Россия Федерациясынын 9 жараны бар. Азыркы учурда КР УКМК КМУнун окутуучулук жана административдик курамындагы аныкталган тартип бузууларга тиешеси бар адамдарды аныктоо боюнча тергөө-ыкчам иш-чараларды жүргүзүүнү улантууда», — деп жазылат маалыматта.
УКМК билим берүү чөйрөсүндөгү коррупцияга каршы күрөшүү боюнча системалуу иштер улантылып жатканын билдирет жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык чара көрүү үчүн жарандарды ушундай фактылар жөнүндө компетенттүү органдарга малымдоого чакырат.