• Бейшемби 25 Чын куран 2024
  • Четверг 25 Апрель 2024

Ибраим Нуракун уулу: Депутат Бакыт Төрөбаев каза болду деген маалымат калп

21 Теке 2020 14:56 Бишкек Govori.TV

Жогорку Кеңештин депутаты Бакыт Төрөбаев каза болду деген маалымат калп. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин басма сөз катчысы Ибраим Нуракун уулу билдирди.

“Фейк маалыматтарга ишенбеңиздер, ден соолугу жакшы, сакайып чыгыптыр. Бул күндөрү Жалал-Абад шаарына 50 орундук стационар ачууга аракет кылып жатыптыр. Бир гана маселе эмгек акысын жогору кылып төлөп берели десек да врачтар табылбай жатат дейт. Депутат жакында эле Ош шаарындагы мейманканасын медицина кызматкерлери үчүн обсервацияга берген. Андан сырткары жакында эле пандемияга каршы күрөшүү фондуна 1 миллион сом которгон. Бакыт Эгешович “Эл өкүлдөрү элдин арасында болушу керек” деген постумду окуптур. “Элдин арасында жүрөбүз. Мындан кийин дагы ушул оору менен күрөшүүгө колдон келген жардамыбызды беребиз деди”, – дейт Нуракун уулу.

Эскерте кетсек, буга чейин айрым Фейсбук колдонуучулары Бакыт Төрөбаев пневмониядан каза болуп калды деп жазышкан эле.

Количество просмотров: 4519