• Бейшемби 25 Чын куран 2024
  • Четверг 25 Апрель 2024

«Ичип жүрөт» деген министр боюнча Жапаров жооп берди

6 Бугу 2021 20:00 Бишкек Govori.TV

Өлкө башчы Садыр Жапаров 5-май күнү мобилдик клиникаларды тапшыруу аземине катышып жатып, «ичип жүрөт» деген саламаттык сактоо министри боюнча жооп берди.

Жапаров өз сөзүндө бирөө тууралуу фейк маалымат таратпай, бир жакадан баш, бир жеңден кол чыгарган ынтымакка үндөдү.

«Он чакты киши менен иш бөлмөмдө кеңешме өткөрүп жатканбыз. Башкы прокурор мага WhatsApp тиркемеси аркылуу келген билдирүүнү окутту. Анда Баткен облусунан белгисиз жаран саламаттык сактоо министри эки күндөн бери арак ичип, мейманканада жатканы тууралуу жазган экен. Дароо министрдин уюлдук телефонуна байланышсам алган жок. Мен дагы аталган маалыматка ишенип кеттим. Жарым саат өтпөй өзү байланышып, операцияда экенин видео байланыш аркылуу көрсөттү. Муну менен фейк маалыматтарды таратпай, бир жакадан баш, бир жеңден кол чыгарсак биз баарын жеңе турганыбызды айткым келет»,-деди Жапаров.

Количество просмотров: 8187