• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Ички аба каттамдарды жандандыруу маселеси 25-майдан кийин каралат

19 Бугу 202015:48 Бишкек Govori.TV

Ички аба каттамдарды жандандыруу маселеси 25-майдан кийин каралат. Бул тууралуу өкмөт үйүндөгү маалымат жыйында биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов билдирди.

Ал учурда коронавирустун жайылып кетүү коркунучу дагы деле бар экенин айтып, ички аба каттамын жандардыруу маселеси карала электигин билдирди. Бороновдун айтымында, азыркы тапта аймактар ортосундагы жол каттамдарына да уруксат бериле элек.

«Бул маселени 25-майдан кийин карайбыз. Негизинен маселе жок. Эгер абал жакшырса бул маселени мөөнөтүнөн мурда чечебиз», — деди ал.

Количество просмотров: 153