• Жума 26 Чын куран 2024
  • Пятница 26 Апрель 2024

Ички иштер министрлигинин Россиядагы эки өкүлү коронавирус жуктурду

12 Бугу 2020 12:59 Бишкек Govori.TV

Кыргызстандын Ички иштер министрлигинин Россиядагы эки өкүлү коронавирус жуктурду. Бул тууралуу бүгүн, 12-майда Жогорку Кеңештин комитетинин жыйынында Ички иштер министри Кашкар Жунушалиев депутат Аида Касымалиеванын суроосуна жооп берип жатып билдирди.

Анын айтымында, Москва жана Санкт-Петербургда ИИМдин 4 кызматкери иштейт, алардын ичинен экөөнөн оору тастыкталды.

«Биз өкмөткө ИИМдин өкүлдөрүнүн санын жана эмгек акысын көбөйтүү боюнча сунуш киргиздик. Учурда комиссия бул маселени карап жатат. Кызматкерлерди дарылоо боюнча Россиянын ИИМнин башчысына кат жөнөттүм, алар жардам берип жатышат», — деди министр.

Количество просмотров: 87