III-Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарын өткөрүү учурунда автоунаалардын жүрүшүүнө чектөөлөр киргизилет. Бул тууралуу Ысык-Көл ОИИБи билдирди.
III-Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарын өткөрүү учурунда автоунаалардын жол каттамдарын жөнгө салуу максатында Балыкчы-Ананьево-Каракол автожолунда, сентябрь айынын 2-8-күндөрү милициянын убактылуу атайын 9 өтмө блок-посттору күнү-түнү иштейт.
Көрсөтүлгөн мезгилде аталган автожолунда тыгындарды болтурбоо үчүн оор жүк ташуучу жеңил унааларга, айыл-чарба техникаларына, ошондой эле коркунучтуу заттарды ташуучу автоунааларга жүрүүгө убактылуу чектөөлөр киргизилет.
Көчмөндөр оюндарынын негизги бөлүгү өтө турчу Бактуу-Долоноту айылында жайгашкан ат майданынын жанында узундугу 3,700 километрди түзгөн айланма жол ишке киргизилет.
III-Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын айрым оюндары Кырчын жайлоосунда өткөндүүгүнө байланыштуу автоунаалардын каттамы, узундугу 34 километрди түзгөн айланма жол аркылуу бир тараптуу болмокчу.
Автоунаалар Семеновка айылынан Кырчын жайлоосуна баруучу автожолуна бет алып, кайрадан Григорьевка айылы аркылуу негизги автожолуна чыгууга мүмкүнчүлүк алат. Жогоруда көрсөтүлгөн автожолдордун багытында киргизилген өзгөртүүлөрдөгү аймактарда милициянын убактылуу атайын өтмө блок-посттору иштеп, айдоочуларга багыттарды көрсөтүп турушмакчы.