• Дүйшөмбү 29 Чын куран 2024
  • Понедельник 29 Апрель 2024

III Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын жалпы байге фонду 26 млн. сомду түздү

26 Теке 2018 18:18 Бишкек Govori.TV
Бишкек.26.07.2018.Govori.TV.
III Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын жалпы байге фонду 26 млн. сомду түздү. Мындай маалыматты КРнын Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинен билдирди.
Спорттун улуттук түрлөрү боюнча Дирекция III Дүйнөлүк көчмөндөр оюнунун жалпы байге фондун 26 млн.615 миң сом деп бекиткен. ДКОнун программасына спорттун 37 түрү киргизилген: «Салбуурун”, Көк-бөрү, ат чабыш, ат үстүндө мелдештер, улуттук күрөштүн түрлөрү боюнча мелдеш, күрөштүн түрлөрү боюнча мелдеш, салттуу интеллектуалдык оюндар, салттуу жаадан ок атуу, улуттук аңчылык түрлөрү боюнча мелдештер камтылган. Азыркы учурда 44 өлкөдөн спортчулар ДКОго катыша тургандыктарын тастыкташты. Жалпы 594 медаль анын ичинен 174 алтын, 173 күмүш жана 247 коло медалдар ойнотулат.
Эске салсак, 2018-жылдын 2-сентябрында III Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары башталып, 8-сентябрда аяктайт. Ачылыш аземи Чолпон-Ата шаарындагы ипподромдо өтүп, мелдеш улуттук спорттун 36 түрү боюнча өтөт. Ага дүйнөнүн 80ден ашык өлкөсүнөн 3000дин тегерегинде спортчу катышат. Иш-чараны чагылдыруу үчүн 50 өлкөдөн 500гө жакын ЖМК өкүлдөрү чакырылат.
Количество просмотров: 22