• Дүйшөмбү 29 Чын куран 2024
  • Понедельник 29 Апрель 2024

ИИМ: 2 күн ичинде коменданттык сааттын шартын бузган 561 жаран кармалды

27 Жалган куран 2020 9:28 Бишкек Govori.TV

26-марттан саат 20:00дөн тартып 27-март таңкы саат 07:00гө чейинки коменданттык сааттын шартын бузган 241 жаран кармалган. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, өзгөчө абал киргизилген аймактарда сааттын шартын бузган жалпы 241 жаран кармалып, 12 автоунаа токтотулган.

«Алардын ичинен Бишкек шаары боюнча — 146 адам, Ош шаары боюнча -22 жаран, Жалал-Абад шаары — 24 адам, Сузак району боюнча — 29, Кара-Суу районунда- 20, ал эми Ноокат району боюнча кармалгандар болгон жок. Алардын бардыгына коменданттык сааттын талаптары менен эрежелерин бузгандыктары боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп, экинчи кайталанбоосу эскертилип, коменданттык сааттын аякташы менен кое берилди». — деп айтылат маалыматта.

Билдирүүгө ылайык, жалпысынна эки күндүн ичинде (25-26-март) өлкө аймагында 561 жаран коменданттык саатты бузгандыктары үчүн милициянын патруль тобу менен кармалган.

«Өзгөчө абал жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Конституциялык мыйзамынын 28-беренесине ылайык, тартипти бузууга жол берген адамдар милиция же аскердик патрулдар тарабынан коменданттык саат аяктаганча кармалат. Ал эми жанында документтери жоктор ким экени аныкталганча, бирок үч суткадан ашпаган мөөнөткө кармала тургандыгын дагы бир жолу эскертебиз. Ошондой эле жарандарды социалдык тармактар жана интернет аркылуу жалган маалыматтарды таратпоого чакырабыз», — деп айтылат билдирүүдө.

Кошумчалай кетсек, президент Сооронбай Жээнбековдун Жарлыктарына ылайык, Бишкек, Ош жана Жалал-Абад шаарларынын, Ош облусунун Ноокат, Кара-Суу райондорунун, ошондой эле Жалал-Абад облусунун Сузак районунун аймактарына 2020-жылдын 25-мартынан саат 8-00дөн тарта 15-апрель саат 8-00гө чейинки мезгил аралыгына өзгөчө абал киргизилип, саат 20:00дөн таңкы саат 07:00гө чейин коменданттык саат киргизилген.

Количество просмотров: 259