• Жума 3 Бугу 2024
  • Пятница 3 Май 2024

Күндүн ыргагы: Бишкекке 7 өлкөнүн ажолору келди. Жапаров менен Рахмон чек араны талкуулашты

13 Тогуздун айы 2023 18:22 Бишкек Govori.TV

КМШ САММИТИ ӨТТҮ

13-октябрда Бишкек шаарында Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигине мүчө-мамлекеттердин башчыларынын Кеңешинин саммити өттү. Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров өнөктөш өлкөлөрдүн лидерлерин тосуп алып, жалпы сүрөткө түшүү менен башталган саммитте өлкө башчылары алгач чакан курамдагы сүйлөшүүнү жабык режимде өткөрүп, андан  соң жыйын кеңейтилген форматта уланды.

Саммитке Кыргызстандын лидеринен сырткары Орусиянын президенти Владимир Путин, Беларустун башында турган Александр Лукашенко, Азербайжандын президенти Илхам Алиев, Түркмөнстандын президенти Сердар Бердымухамедов, Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон, Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев жана Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев катышты.

 КМШнын кийинки саммити Орусияда өтө турган болду. Быйыл КМШга мүчө өлкөлөрдүн президенттеринин саммити Кыргызстандын төрагалыгы астында өтүп жатат жана бул жолку саммитке Армениянын премьер-министри Никол Пашинян келген жок.  КМШ саммитинде уюмга мүчө өлкөлөрдүн соода-экономикалык, маданий-гуманитардык чөйрөлөрдө кызматташтыгын кеңейтүү жана чыңдоо боюнча чечимдер кабыл алынып, бир катар документтерге кол коюлду.

КМШнын курамына Кыргызстан, Азербайжан, Армения, Беларус, Казакстан, Молдова, Орусия, Тажикстан, Түркмөнстан, Өзбекстан кирет.

ЖАПАРОВ РАХМОН МЕНЕН ЖОЛУКТУ

Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров бүгүн Бишкек шаарында өтө турган Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигине мүчө-мамлекеттердин башчыларынын Кеңешинин жыйынынын алкагында Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон менен жолугушту. Бул тууралуу маалымат президенттин сайтына жарыяланды.

Эки лидер кыргыз-тажик эки тараптуу кызматташтыгынын актуалдуу маселелерин, темалардын кеңири спектрин, анын ичинде кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо маселелерин талкуулашты.

Эки өлкөнүн чек арасынын жалпы узундугу 970-980 чакырымды түзөт. Аны тактоо иштери 2002-жылы башталып, 2020-жылдарга чейин 519 чакырымы толук такталган. 2022-жылы эки өлкөнүн лидерлери жолукканда жалпысынан 664 чакырым тилке боюнча орток пикир бар экенин ырасташкан. Октябрдын башында топографиялык жумушчу топторчек ара тилкесинин дагы 43,32 чакырымын макулдашкан. Ушул тапта эки өлкөнүн атайын комиссиялары тактала элек тилкелер боюнча сүйлөшүүлөрдү улантып жатат.

Президент Садыр Жапаров мунун алдында Түркмөнстандын президенти Сердар Бердымухамедов менен да жеке жолугушту.

ИМИНОВ 2 АЙГА КАМАЛДЫ

Бишкектин Биринчи май райондук сотунун чечими менен Грек-рим күрөшү боюнча федерациянын вице-президенти Ахрор Иминов тергөө бүткүчө, 4-декабрга чейин атайын кызматтын тергөө абагына камакка алынды. Бул тууралуу маалыматты аталган соттун басма сөз кызматы ырастады.

Ахрор Иминов уюшкан кылмыштуу топторду каржылаган деген шек менен кармалганын 11-октябрда Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) билдирген. Атайын кызмат Иминов Камчы Көлбаевдин (Камчыбек Асанбек) кылмыштуу тобунун айрым мүчөлөрүн каржылап келгенин, ал Кылмыш-жаза кодексинин “Уюшкан топту түзүү же ага катышуу” беренеси менен козголгон иштин алкагында кармалганын тактаган.

УКМК 4-октябрда Бишкекте “кримчөйрөнүн анабашы” аталган Камчы Көлбаев (Камчыбек Асанбек) атайын операция маалында өлтүрүлгөнүн ырастаган. Көлбаевди кармоо операциясы ишкерлердин өзгөчө ири өлчөмдө мүлкүн мыйзамсыз тартып алуу фактыларына жана “Дөө” каймана аты бар Чыңгыз Жумагуловду өлтүрүүнү уюштурууга катышы бар деген арыздарга байланыштуу жүргөнүн билдирген.

МУРУНКУ МЭР КАМАЛДЫ

Ички иштер министрлиги Бишкектин тургунунун 10 миң долларын алдап алып кетүүгө шектүү кармалганын билдирди.

Алынган маалыматка караганда, айтылган адам 2021-жылдын күзүндө Бишкектин тургунунан 10 миң доллар алып кеткен. Ага күрөө катары «Лексус» унаасын, каттоо күбөлүгүн жана ишеним кат калтырган. Кийинчерээк «шашылыш ишим бар» деген шылтоо менен унаасын айдап кетип, ошол бойдон изин суутуп, унааны башка адамдарга сатып жиберген.

Келип түшкөн арыздын негизинде Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгы Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренесинин 2-бөлүмү (алдамчылык) менен иш козгоп, шектүүгө иликтөө, издөө жарыяланган.

Учурда алдамчылыкка шектүү М.М. кармалып, убактылуу кармоочу жайга камакка алынып, сурак берип жатат.

ИИМдин кошумча маалыматында анын мурда сот жообуна тартылганы, кримтөбөлдөрдүн бири менен тыгыз байланышта болгону, облустардын бириндеги шаарга мэр болгону айтылган.

Бир катар сайттар кармалган адам Чолпон-Ата шаарынын мурдагы мэри Мирлан Маратов экенин, буга чейин кримтөбөл Камчы Көлбаев менен тыгыз кызматташ болгонун жазышты.

ҮШҮК ЖҮРҮҮСҮ МҮМКҮН

Төө-Ашуу ашуусунда кар жаап жатат. Бул тууралуу Чүй облустук милициясынын Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынан билдиришти.
Ведомстводон белгилешкендей, жол инспекторлору “Бишкек-Ош” унаа жолуна сапарга чыккан айдоочуларга унааны кышкы дөңгөлөккө өтүүсүн, алдыдагы унаа менен болгон аралыкты сакташы зарыл экендигин жана карама каршы тилкеге жыкпай айдоону эскертет.
Бишкек-Ош унаа жолунда аталган башкармалыктын өздүк курамы кызмат өтөөдө.

Белгилей кетсек, Кыргызстандын аймагында 13-15-октябрда туруксуз аба ырайы күтүлөт.

Маалыматка ылайык, Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен, Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарда жаан, Чүй, Талас облустарынын тоо этектеринде жаан карга айланышы, тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. Айрым жерлерде жаан-чачын катуу жаайт.

ӨКМ мындай туруксуз аба ырайы унаа, энергетика жана коммуналдык кызматтардын ишин жана жайыттарда малды кармоону кыйындатарын, мөмө жана жашылча-жемиштерди үшүк уруу коркунучу бар экенин маалымдаган.

Количество просмотров: 383