Бүгүн, 13-октябрда Бишкекте Кыргызстандын төрагалыгы алдында Көз карандысыз мамлекеттер шериктештигинин лидерлеринин жыйыны өтүп жатат.
КМШнын бул жолку жыйынына Кыргызстан, Казакстан, Өзбекстан, Орусия, Беларусия, Азербайжан, Түркмөнстан жана Тажикстандын президенттери катышууда. Ал эми Армениянын премьер-министри Никол Пашинян саммитке келген жок.
Белгилүү болгондой, тар жана кеңири чөйрөдөгү сүйлөшүүлөр орун алып, бүгүнкү жыйында соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык чөйрөлөрдө кызматташтыгын кеңейтүүгө жана чыңдоого багытталган чечимдер кабыл алынат.
Кошумчалай кетсек, КМШ лидерлеринин саммити былтыр Казакстандын борбору Астана шаарында өткөн.