• Жума 26 Чын куран 2024
  • Пятница 26 Апрель 2024

ИИМ: Аянтта ичимдик ичип алгандар бар, ошондуктан тарап кетүүгө чакырабыз

5 Тогуздун айы 2020 20:04 Бишкек Govori.TV

Митингдин катышуучуларынын арасында спирт ичимдиктерин ичип алгандар бар, ошондуктан тарап кетүүгө чакырабыз. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы кабарлады.

Ички иштер министрлиги Бишкек шаарындагы “Ала-Тоо” аянтындагы митингдин катышуучуларын тарап кетүүгө чакырат. Акцияга катышуучулардын арасында спирт ичимдиктерин ичип алып жүргөндөр, коомдук тартипти бузууга аракет кылгандар бар. Жарандардын ден-соолугуна коркунуч жаралса же дагы башка жагымсыз окуялар болуп кетсе, ага жоопкерчилик митингдин уюштуруучуларында, тактап айтканда бир канча партия лидерлеринде жана алардын активдүү мүчөлөрүндө болоорун эске салабыз.

Ошондуктан, жарандардын коопсуздугун сактоо, шаардыктардын тынчтыгын бузбоо максатында митингге катышкандарды тарап кетүүгө чакырабыз.

Количество просмотров: 253