• Шаршемби 24 Чын куран 2024
  • Среда 24 Апрель 2024

ИИМ: Баңгизатты сатуу менен алектенген туруктуу каналга бөгөт коюлду

28 Бештин айы 2021 15:55 Бишкек Govori.TV

Ички иштер министрлигинин Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматынын кызматкерлери тарабынан сотко чейинки өндүрүштүн алкагында баңгизат каражаттарды даярдоо, аларды Ысык-Көл облусунан Чүй облусуна ташуу жана сатуу боюнча кезектеги баңгилик каналга бөгөт коюлду. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы кабарлады.

Маалыматка ылайык, Бишкек шаарынын А.Масалиев жана Д.Садырбаев көчөлөрүнүн кесилишинен “Тойота-Эстима” маркасындагы авто унаа токтотулуп, анын ичинде Б.Ж. аттуу жаран болгон. Ыкчам маалыматтарга ылайык, Б.Ж. аттуу жаран баңгилик топтун катышуучусу болгон. Ал баңгизат каражаттарын ташуу жана сатуу кызматын аткарып жүргөн.

«Жогоруда аталган автоунаага тинтүү жүргүзүү учурунда анын ичинен кара куурай өзгөчө жытына ээ, квадрат формасындагы күкүм аралашма кочкул жашыл өңдөгү заты бар баштык табылып алынган. Экспертизанын корутундусуна ылайык, алынган зат 3 кг жалпы салмактагы каннабис чайыры (гашиш) баңгизат каражаты болгон. Кармалган жаран Бишкек шаарынын № 1 тергөө изоляторуна киргизилип, сотко чейинки өндүрүш уланууда»,-деп айтылат маалыматта.

Азыркы учурда аталган баңгилик кылмышка тиешеси бар жарандардын инсандыгын аныктоо боюнча атайын тергөө аракеттери жүргүзүлүүдө.

Количество просмотров: 194