• Шаршемби 24 Чын куран 2024
  • Среда 24 Апрель 2024

ИИМ: «Бала уурдоо болуп жатат»-деген маалымат жалган

24 Чын куран 2023 12:27 Бишкек Govori.TV

Социалдык тармактарда бала уурдоо тууралуу айтылган маалыматтар чындыкка дал келбейт. Бул тууралуу Чүй ОИИББнын басма сөз кызматы билдирди.

2023-жылдын 21-апрелинде интернет сегментинде, тактап айтканда “Тик-Ток” социалдык түйүндөрүндө Аламүдүн районунун Пригородное айылында жайгашкан Үмүт жаңы конушунда “Mazda Primasi” үлгүсүндөгү унаа жаш балдарды уурдап жүргөндүгүн айтышып, ал унааны кууп бара жаткан видео тараган.

Ошондой эле, кийинчерээк алар бул видеого Маевка айылынын аймагынан буга чейин бир кызды уурдап кетишкенин кошумчалашып, “Mazda Primasi” үлгүсүндөгү унаанын мамлекеттик номерин айтып, унааны кармоого жардам берүүнү суранышкан.


«Видеодо айтылган маалымат чындыкка дал келбейт. Чүй облусунун аймагында балдарды уурдоо фактылары катталган эмес.

Ал эми аталган видеодогу маалымат боюнча Аламүдүн РИИБи тарабынан текшерүү жүргүзүлдү.

Текшерүү учурунда төмөндөгүлөр такталды, 2023-жылдын 21-апрелинде 1982-жылы туулган А.Т. аттуу жаран өзүнүн “Mazda Primasi” үлгүсүндөгү унаасы менен Аламүдүн районунун Пригородное айылындагы “Үмүт” жаңы конушуна тааныштарын жеткизүү үчүн барган, ошол учурда бир нече адам ага жакындап, унаасынын эшигин тарта башташкан, ал коркуп качып кеткен»,- деп айтылат маалыматта.

Мындан улам ИИМги жарандарга, жалпыга маалымдоо каражаттарына, ошондой эле социалдык тармактарга жалган маалыматтарды чыгарбоону сунуштады.

«Эгерде Сиз кылмышка же текшерүүнү талап кылган окуяларга күбө болсоңуз, анда укук коргоо органдарына 102, 112 телефондору же жакынкы милиция бөлүмүнө кайрылууңуздарды суранабыз».

Количество просмотров: 62