Салык кызматы чиновниктердин 2021-жылдын жыйынтыгы боюнча кирешеси тууралуу декларациясын жарыялай баштады.
Ички иштер министри Улан Ниязбековдун кирешеси жана мүлкү боюнча маалымат берилди. Анда анын былтыркы кирешеси 848 миң 937 сомду түзгөнү көрсөтүлгөн.
Бул анын бир айлык кирешеси 70,7 миң сомду түзгөнүн билдирет. Улан Ниязбековдун менчигинде 60,4 чарчы метр батир, 8 сотых жер тилкеси, 40,3 гектар айыл чарба багытындагы эмес жер жана 1 гектар айыл чарба багытындагы жер бар.
Ал эми жакындарынын кирешеси жана мүлкү тууралуу маалымат жок.