• Шейшемби 23 Чын куран 2024
  • Вторник 23 Апрель 2024

ИИМ: Бишкекте ок атышкандар колго түшүрүлдү (видео)

10 Бештин айы 2019 11:03 Бишкек Govori.TV

9-декабрда Бишкекте ок атышкандар колго түшүрүлдү. Бул тууралуу Ички иштер министрлиги (ИИМ) расмий билдирүү таратты.

Маалыматка ылайык, кармалгандар Жалал-Абад облусунун Токтогул районунун  Т. уулу М. жана М.Н. аттуу 25 жаштардагы тургундары болгон.

Кечээ Бишкектин Гагарин жана Некрасов көчөлөрүнүн кесилишинде белгисиз адамдар “Тойота Авенсис” унаасында бара жаткандарга ок чыгарган. Окуя кылмыштырдын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, шектүүлөрдү издөө аракеттери жүргөн.

Натыйжада, Коопсуз шаардын камераларындагы тасмалардын жардамы менен ок чыгарган эки шектүү колго түшүрүлгөн. Алардын жанынан номери өчүрүлгөн “Макаров” үлгүсүндөгү тапанча табылган. Тапанчанын октору болгон эмес.

Учурда тиешелүү экспертизалар дайындалып, иш сотко чейинки өндүрүшкө алынган.

Количество просмотров: 3895