• Бейшемби 18 Чын куран 2024
  • Четверг 18 Апрель 2024

ИИМ: Чүйдө добуштарды сатып алуу фактысы аныкталды

26 Жетинин айы 2021 13:59 Бишкек Govori.TV

Маевкада добуштарды сатып алуу фактысы аныкталды. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы кабарлады.

Маалыматка ылайык, ИИМдин Экстремизмге жана мыйзамсыз миграцияга каршы күрөшүү кызматынын ыкчам кызматкерлерине Чүй облусунун Аламүдүн районундагы шайлоо участкаларынын биринде агитаторлор мыйзамсыз иш-аракеттерди жасап жаткандыгы тууралуу маалымат түшкөн. Маалыматты тактоо максатында Чүй ОИИББдин кызматкерлери тарабынан ыкчам-издөө иш-чаралары жүргүзүлдү. Эки агитатордо шайлоочулардын тизмелерин түзүү үчүн атайын бланктар бар экендиги, ага ылайык ар бир добуш үчүн 1000 сомдон акча берилип жатканы аныкталды. Аталган маалыматтар боюнча чогултулган материалдар 22-ноябрда Аламүдүн РИИБде Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, иликтөө, тергөө иштери башталган.

«25-ноябрда ИИМдин жана Чүй ОИИБдин Экстремизмге жана мыйзамсыз миграцияга каршы аракеттенүү боюнча кызматынын ыкчам кызматкерлери тарабынан Жаш Гвардия жана Киев көчөлөрүнүн кесилишинде 1965-жылы туулган Б.А. аттуу үгүттөөчү М.М. аттуу жаранга 5000 сом акча берип жаткан жеринен кармалган. Тергөө иштеринин жүрүшүндө Аламүдүн районунун Маевка айылындагы жайгашкан штабына барып, кароо жүргүзүлүп, үгүттөөчү Б.А.га тиешелүү үгүт материалдары, жарандардын жана үгүттөөчүлөрдүн тизмелери алынган. Сурак учурунда Б.А. чынында Жогорку Кеңештин депутаттыгына Аламүдүн шайлоо округунан талапкерге үгүттөөчү катары иштеп жатканын, аны менен расмий түрдө келишим түзүп, салык кызматынан патент алганын, 40ка жакын башка үгүттөөчүлөрдү иштетип жатканын жана өздүк эсеби аркылуу 255 000 сом алып, башка үгүттөөчүлөргө таратып бергенин билдирди. Үгүттөөчү Б.А.ны өздүк кароо жүргүзүү учурунда анын жанынан кошумча 51 500 сом алынган. Сотко чейинки өндүрүш ишинин алкагында Жазык-процесстик кодексинин 98-беренеси боюнча 1965-жылы туулган Б.А. Ысык-Ата РИИБдин убактылуу кармоочу жайына киргизилди»,-деп айтылат маалыматта.

Азыркы мезгилде ИИМдин Экстремизмге жана мыйзамсыз миграцияга каршы аракеттенүү боюнча кызматынын ыкчам кызматкерлери тарабынан жогоруда аталган шайлоо боюнча мыйзам бузуулардын алкагында ыкчам иликтөө жана аныктоо иш-чаралары улантылууда.

Количество просмотров: 263