• Жума 19 Чын куран 2024
  • Пятница 19 Апрель 2024

УКМК: «Эмгек» партиясы тарабынан добуштарды сатып алуу аныкталды

11 Теке 2021 12:45 Бишкек Govori.TV

«Эмгек» партиясы тарабынан добуштарды сатып алуулар аныкталды. Бул тууралуу бүгүн, 11-июлда УКМКнын басма соз кызматы кабарлады.

Маалыматка ылайык, 10-июль күнү УКМК жүргзгөн ыкчам-издөө иш-чараларын алкагында Бишкек шаарынын Ленин районунун муниципалдык аймактык башкармалык МТУ-2 жашоочуларына акча таратып жаткан жеринен «Эмгек» партиясынын өкүлү «K .E. A.» кармалды.

Бул факты Кылмыш-жаза кодексинин 192-беренеси (добуш сатып алуу) боюнча кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталды.

«Иликтөө иштеринин жүрүшүндө кармалган К.Э.А. «Эмгек» партиясынан талапкер «Р. у. Т.» көрсөтмөсү боюнча МТУ-2 жашоочуларынын ар бир катталган шайлоочуга 1000 сомдон таратып жаткан. Кармалган жаранды тинтүү учурунда жанында 10 миң сом жана акча алгандыгы жөнүндө белги коюлган шайлоочулардын тизмеси табылган»,-деп айтылат маалыматта.

Учурда УКМК тарабынан тиешелүү ыкчам-тергөө иш-чаралар улантылууда.

Количество просмотров: 1697