• Жума 26 Чын куран 2024
  • Пятница 26 Апрель 2024

ИИМ: Чек арада абал тынч, кырдаал толук көзөмөлдө

7 Бугу 2021 10:10 Бишкек Govori.TV

Бүгүн, 7-майга карата Баткен облусунун аймагында, мамлекеттик чек аранын кыргыз-тажик тилкесинде абал туруктуу. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, чек арадагы айылдар милиция кызматкерлеринин толук көзөмөлүндө. Чек арага чектеш аймактарда түнкүсүн ок атышуулар жана башка окуялар катталган жок.

Коомдук тартипти жана жарандардын коопсуздугун камсыздоо боюнча уюштуруучулук иштерге өзгөчө көңүл бурулууда. Чек ара тилкелеринде милиция, ички аскер кызматчылары жана башка күч түзүмдөрү менен биргеликте коопсуздук чараларын күчөтүп, жергиликтүү тургундарга ар кандай укук бузууларга жол бербөө керектигин түшүндүрүүдө.

Милиция кызматкерлери менен ички аскер кызматчылары күнү-түнү күчөтүлгөн тартипте кызмат өтөп, кырдаалды жөнгө салуу боюнча чараларды көрүп жатат.

Количество просмотров: 153