• Бейшемби 28 Жалган куран 2024
  • Четверг 28 Март 2024
Орозо

ИИМ: «Чоң Казаттын» чакырыктарына баа берүү боюнча экспертиза дайындалды

20 Бугу 2020 11:16 Бишкек Govori.TV

«Чоң Казат» деп аталган кыймылдын чакырыктарына укуктук баа берүү боюнча экспертиза дайындалды. Бул тууралуу парламенттин 20-майдагы сессиясында ички иштер министринин орун басары Алмаз Орозалиев депутат Ирина Карамушкинанын суроосуна жооп берип жатып билдирди.

Жыйында «Электрондук башкаруу жөнүндө» мыйзамга өзгөртүү киргизүү сунушу талкууланып жатат. Карамушкина аталган кыймылдын аракеттерине баа берүү «мыйзам долбоордун беренелерине туура келеби?» деп суроо салып, коомдогу чакырыктар боюнча ИИМдин аракеттерине кызыкты.

Алмаз Орозалиевдин айтымында, азыр чакырыктарда кылмыштын курамы барбы же жокпу аныктоо иштери жүрүп жатат.

Cоциалдык тармактарда «Чоң казат» деген уюмдун айрым аткаминерлердин, саясатчылардын байлыгы жөнүндө айтып чыкканы кызуу талкууланып жатат. Ага дейре бул кыймылдын мүчөсү деген Сыймык Жапыкеев аттуу мурдагы прокуратура кызматкери Кыргызстандагы бир нече саясатчынын атын атап, аларды күмөндүү жолдор менен байыган деп айыптап чыккан.

Количество просмотров: 161