• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

ИИМ эскертет: Айдоочулук күбөлүк алабыз деп алданып калбагыла!

21 Жетинин айы 202411:22 Бишкек Govori.TV

ИИМдин Кылмыш иликтөө башкы башкармалыгынын кызматкерлери айдоочулук күбөлүктү сунуш кылган жарнамаларды социалдык тармактардан байкап калышат. Анда күбөлүк берүүгө тиешелүү маморгандар көрсөтүлбөй, айдоочулук күбөлүк кыска мөөнөттө даяр болору, анын акысы айдоочулук күбөлүктүн категориясына жараша болору көрсөтүлөт. Мындай кызмат 7 миң сомдон 20 миң сомго чейин бааланган.

Укук коргоо кызматкерлери ушундан кийин Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренеси (алдамчылык) боюнча кылмыш ишин козгогон. Соцтармактарда мындай маалыматтарды таратып жаткан адамдар аныкталган.

Көрсө, көз боемочулар соцтармактарды активдүү колдонгон 2007-жылы туулган кызга кайрылып, жарнама таратып берүүсүн айтышкан экен. Ар бир жазган жарнамасы үчун кызга 5 миң сомдон төлөп турушкан.

Андан кийин ыкчам кызматкерлер Телеграмдагы ушундай маалыматтарды тараткан аккаунттун ээсин табышкан. Ал 2005-жылы Чүй облусунда туулган, борбордогу ВУЗдардын биринде окуган студент болуп чыккан. Аны кармап тергөө иштерин жүргүзүү үчун милицияга алып келишкен. Бул иш боюнча тиешелүү тергөө иштери жүрүп жатат.

Ушул себептен улам, ИИМ эскертет: айдоочулук күбөлүктү экзамени жок эле беребиз, анын маалыматтарын Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын (ЖКККББ) базасына киригизип беребиз дегендер жалган айтышат. Ошондуктан бардык жарандарды кайдыгер болбоого, ар бир маалыматты талдоого, акча берип коюп алданып калбоого чакырат. Ошондой эле ушул сыяктуу бардык шектүү маалыматтар ички иштер органдарына жеткирилиши керек.

Количество просмотров: 185