• Бейшемби 28 Жалган куран 2024
  • Четверг 28 Март 2024
Орозо

ИИМ: Инандыны издөө күчөтүлгөн тартипте уланууда

3 Кулжа 2021 18:18 Бишкек Govori.TV

“Сапат” билим берүү мекемесинин президенти Орхан Инандыны издөө күчөтүлгөн тартипте уланууда. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка караганда, Орхан Инандыны издөө боюнча сотко чейинки өндүрүш Ички иштер министри, милициянын генерал-майору Улан Ниязбековдун көзөмөлүндө.

«Бул иш боюнча ИИМдин, Бишкек ШИИББнин, Чүй ОИИББнин жана Октябрь РИИБнин тажрыйбалуу тергөөчүлөрү менен ыкчам кызматкерлеринен түзүлгөн ыкчам-тергөө тобу зарыл болгон тергөө иш-чараларын жана издөө иш-чаралары жүргүзүүдө. Ошондой эле мүмкүн болгон күбөлөрдү суракка алууда»,-деп айтылат маалыматта.

Учурда Орхан Инандынын жүргөн жерин аныктоого багытталган бардык керектүү ыкчам-иликтөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө.

Количество просмотров: 94