ИИМ Бишкекте 2010-жылы кримтөбөл Максат Карасартовдун автоунаасын аткылоого тиешеси бар адамдар аныкталгандыгын билдирди.
Маалыматта айтылгандай, 2010-жылдын 12-апрелинде аны Бишкектин Ибраимов жана Иваницин көчөлөрүнүн кесилишинде белгисиз адамдар машинесинен атып, из жашырып кеткен. Максат Карасартов алган жаракатынан ошол эле жерде каза болгон. Бул окуя боюнча Кылмыш-жаза кодексинин “Адам өлтүрүү” беренеси менен кылмыш иши козголгон.
Тергөөдө бул кылмышка шек саналып маркум Камчы Көлбаевдин (Камчыбек Асанбек) уюшкан кылмыштуу тобунун мүчөсү, буга чейин бир нече жолу соттолгон 42 жаштагы адам кармалып, камакка алынды. ИИМ ал кылмыштуу чөйрөдө “Протез” деген каймана ат менен белгилүү экенин кошумчалады. Ал мындан тышкары 2008-жылы Чолпон-Ата шаарында кримтөбөл, маркум Рысбек Акматбаевдин тууганы Кубанычбек Коноевдин өлүмү боюнча да шектүү катары өтүп жатат.
Экинчиси да уюшкан кылмыштуу топтун активдүү мүчөсү катары ИИМдин каттоосунда турган Д.Ч. аттуу Чүйдө туулган жаран экени кошумчаланды. ИИМ ал буга чейин өлтүрүлгөнүн билдирди. Алдын ала маалыматтар боюнча, кеп Бишкектеги тергөө абагында өлтүрүлгөн Чыңгыз Жумагулов (Дөө Чыңгыз) тууралуу болууда. ИИМ бул иш боюнча тергөө уланып жатканын кошумчалады.