• Бейшемби 25 Чын куран 2024
  • Четверг 25 Апрель 2024

ИИМ: Мамлекеттик бажы кызматынын офицери кармалды

10 Үчтүн айы 2020 17:41 Бишкек Govori.TV

ИИМдин Тергөө кызматы тарабынан кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестерине катталган, Кыргыз Республикасынын Жазык кодексинин 320-беренесинин 2-бөлүгүндө каралган (Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу) жана тергелип жаткан сотко чейинки өндүрүштүн алкагында мамлекеттик бажы кызматтынын ички коопсуздук башкармалыгы менен биргеликте жалпы суммасы 253 500 АКШ долларын түзгөн жана Латвия өлкөсүнөн Кыргызстан аркылуу Афганистанга бара жаткан тамеки заттарын мамлекеттик бажы кызматы тарабынан уруксаатсыз бажы транзитине киргизүү фактысы аныкталган.


Айтылган факты боюнча 2020-жылдын 9-январында мамлекеттик бажы кызматынын кызматкери 1982- жылкы М.Б. аттуу кармалып, Кыргыз Республикасынын Жазык процессуалдык кодексинин 98- беренесине ылайык шектүү катары Бишкек ШИИББнин убактылуу кармоочу жайына киргизилди.


Кыргыз Республикасынын ИИМдин Тергөө кызматы тарабынан сотко чейинки өндүрүш уланууда.

Количество просмотров: 2401